• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жети-Өгүздө санитардык эрежени сактабаган мал союучу цех аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында санитардык эрежени сактабаган мал союучу цех аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан мал союучу цех текшерилип, ветеринардык-санитардык талаптар сакталбагандыгын аныктаган.

“Аталган цехте айрым жаныбарлардын калдыктары жана каны жерге төгүлгөн, дезинфекциялык тосмо жана кык чогултуучу жайлар жок болуп чыкты”, - деп белгилешти милициядан.

Аталган факт Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталды. Чогултулган материалдар тергөө кызматына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берилди.

Текшерүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий