• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жети-Өгүздө темир бетонду иштетүүчү чакан ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында темир бетонду иштетүүчү чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү ишкер Азарбек Чекировдун темир бетонду иштетүү долбоору Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун байкоочу кенеши тарабынан колдоого алынып, 4 млн сом каражат бөлүнүп берилген.

“Бул каражатка ишкер керектүү жабдыктарды, техникаларды сатып алган. Учурда ишкана толук кандуу иш жүргүзүп, бетон шакекчелерин, ноолорду жана көпүрөлөрдү чыгарууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ишкердин айтымында, учурда 5 адам жумуш орду менен камсыз болду. Ошондой эле келечекте ишкананы кеңейтүү менен бирге дагы кошумча жумуш орундарын түзүү пландары бар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий