• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Жети-Өгүздө жерди мыйзамсыз менчиктештирген кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Аймак 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Жети-Өгүздө жерди мыйзамсыз менчиктештирген кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан жер жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Даркан айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалын кызматтык кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен мамлекеттик менчикте турган жалпы 4,60 га жер аянтын мыйзамсыз жеке менчикке чыгарышкандыгы аныкталган.

Алсак, Даркан айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам айылдагы 2,60 га жер аянты М.У. аттуу жаранга, ал эми 1 га жер аянты Ж.К. аттуу жаранга мыйзамсыз чыгарылып берилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Жети-Өгүз райондук прокуратурасы тарабынан айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий