Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Бишкектин Жетикашкаева көчөсүнүн А.Токомбаев көчөсүнөн С.Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, узундугу 1 миң 200 погондук метр жерде эски асфальтты сыйруу жана бордюрларды орнотуу иштери башталды.
Курулуш иштери "Жанар Строй Сервис" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий