• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жол оңдоо. 23-июндан тарта Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабындагы бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. 23-июндан тарта Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол оңдоо иштери бир нече этап менен ишке ашат. Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабы жабылат.

Белгилей кетсек, унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк тарабы өз-өзүнчө жасалат.

Негизи, Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 3,2 чакырым.

Пикир

Оставить комментарий