• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

ЖК аппарат жетекчиси согуштун ардагери Асек Урмамбетовду келе жаткан майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 03.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев Жеңиш майрамын утурлай, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урмамбетовду барып көрдү. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин жана жалпы депутаттардын атынан ардагерди майрамы менен куттуктап, согуш учурунда көрсөткөн каармандыгы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

“Кан күйгөн согушка аттанып, көп улуттуу Совет элин душмандардан коргогон аталарыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз. Ата мекен алдындагы милдеттерин чоң жоопкерчилик менен аткарган Сиздей баатырларыбыз менен ар дайым сыймыктанабыз. Андыктан ардактуу аксакалыбыз катары эл арасында аман жүрүңүз. Сиздин баскан жолуңуз азыркы муунга эле эмес, келечектеги урпактарыбызга да үлгү”, – деди Шабданбек Алишев.

Өз кезегинде ардагер куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, кеп-кеңешин айтуу менен жалпы элге ынтымак, биримдик тиледи.

Жолугушуу алкагында Жогорку Кеңештин атынан ардагерге атайын белектер тапшырылды.

Алсак, Асек Урманбетов быйыл 100 жашка толду. Дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп жаткан ардагер өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө баам салып, согуш жана андагы замандаштарынын эрдиктери жөнүндө да жаш муундарга байма-бай айтып турат. Андан тышкары, чыгармачылык менен алектенип, бир катар роман, поэмаларды окурмандарга тартуулаган.

Пикир

Оставить комментарий