ЖК депутаттары Бухарестте ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сессиясына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Замирбек Мамасадыков жана Айгүл Айдарова Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын 31-жайкы сессиясына катышты.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чара 29-июндан 3-июлга чейин Румыниянын Бухарест шаарында өтүп, ЕККУ ПАга мүчө 57 мамлекеттен келген 300дөн ашык эл өкүлдөрү жана кызматташтык боюнча өнөктөштөр катышты.

Сессиянын алкагында үч Жалпы комитеттин жана Туруктуу комитеттин отурумдары, Ассамблеянын пленардык жыйыны, ошондой эле Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы көйгөйлөрү боюнча семинар өткөрүлдү.

Күн тартибинин долбоорунда ЕККУ аймагындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу, айлана-чөйрөнү коргоо, адам укуктарын коргоо, шайлоо процессин уюштуруу жаатында тажрыйба алмашуу, бир катар уюштуруучулук жана кадрдык маселелерди чечүү боюнча маселелер каралган.

Сессиянын катышуучулары ЕККУ ПАнын биринчи жолу Борбордук Азия өлкөлөрү менен биргеликте демилгеленген «Аймактык кызматташтыкты жана парламенттик диалогду өнүктүрүү аркылуу Борбор Азия аймагында климаттын өзгөрүшүнүн жана суунун тартыштыгынын көп кырдуу кесепеттерин жоюу» резолюциясынын долбоорун карашты. Муну менен катар делегаттар Парламенттик ассамблеянын күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча баяндамаларды жасашты.

Жогорку Кеңештин депутаттары Португалия, Азербайжан, Түркия жана Австрия парламенттеринин депутаттары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланып, туризм жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий