ЖК депутаттары жаңы модернизацияланган добуш берүүчү жабдуулардын иштеши менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн жаңы модернизацияланган добуш берүүчү жабдууларын кореялык "Miry Systems" өндүрүшчүлөрү презентация кылды.

Парламенттен билдиришкендей, таанышуу иш-чарасында депутаттар шайлоо жараянынын бардык этаптарын жакшыртуу, акыркы технологиялык жетишкендиктерди колдонуу аркылуу добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу маанилүү экенин белгиледи.

"Miry Systems" компаниясынын өкүлдөрү бул жаңы жабдуу адам кетирген каталарды минималдаштырган жана шайлоолорду өткөрүүнүн башка маанилүү аспектилерине көңүл бурууга мүмкүндүк берген ишенимдүү курал болот деп тастыктады.

Депутат Марлен Маматалиевдин пикиринде бул жаңы жабдуу шайлоо процессин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болмокчу. "Инновациялык чечимдерди киргизүүнүн шарапаты менен добуш берүүдө максималдуу түрдө ачык-айкындуулук жана натыйжалуулук камсыз болот", - деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Пикир

Оставить комментарий