• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жогорку Кеңеш ЖМК өкүлдөрү үчүн Ментордук мектептин ачылгандыгын маалымдайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.03.18 /Кабар/. Жогорку Кеңеш парламенттин ишин чагылдыруу максатында аккредиттелген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн атайын тренингдер сериясын камтыган Ментордук мектептин ачылгандыгы тууралуу кабарлайт. Ментордук мектеп ЖМК өкүлдөрү менен парламенттин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу максатындагы “Прогресс үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында өткөрүлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуу тренингдери ушул жылдын март-апрель айларында уюштурулат. Анда Жогорку Кеңештин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү, визуалдык маалыматтар, фактыларды текшерүү, SMM жана парламенттин ишин кыргыз-орус тилдеринде чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү боюнча окутуулар болот. Мектептин алкагында кызыктуу спикерлер менен жолугушуулар, талкуулар жана тематикалык пресс-ланчтар да өтөт. Бардык угуучуларга керектүү окуу материалдары берилип, жыйынтыгында сертификаттар тапшырылат. Иш-чарага катышууну каалаган ЖМК өкүлдөрү (0312) 63 92 00, (0558) 50 00 77 телефон номурларына чалып катталуусу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий