• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

ЖК депутаттары жана мамлекеттик кызматкерлер шайлоо алдында флешмоб баштады

Коом 0


Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү шайлоо алдында флешмоб баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Аида Исатбек кызы жергиликтүү кеңештерди шайлоого жарандарды активдүү катышууга чакырышууда.

Депутаттар "Катыш! Танда! Шайла!" деген жазуулары бар браслеттерди тагынып чыгышты.

Ал браслеттер "Кыргызстандын жаштарынын кыймылы" жаштар уюму тарабынан таратылууда.

Аталган кыймыл эки айдан бери шайлоону утурлай жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий