• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ЖК “Эсептөө палатасы жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоорун III окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Жыйында Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов баяндама жасады.

Алсак, сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын укуктук макамын, ишинин негиздерин жана принциптерин аныктайт. Муну менен катар аудиттин жогорку органдарынын эл аралык стандарттарын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана башка мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен Эсептөө палатасынын милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары конкреттештирилет.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, колдоо тапты.

Пикир

Оставить комментарий