• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Элчибек Жантаев Кытайдын Кызыл-Суу автономдук округунун губернатору менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев "Эркечтам" кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пунктуна барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда облус башчысы бажы, чек ара жана транспорт кызматтарынын ишмердүүлүгү менен танышып, 4 сызыктуу унаа жол курулуучу тилкесин жеринен көрдү.

Ошондой эле финансы министри Алмаз Бакетаев менен биргеликте министрликтердин жана мекеме-ишканалардын тиешелүү кызматкерлери, облустук жана райондук мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө көзөмөл-өткөрмө пункттун аймагын кеңейтүү максатында бажы инфраструктурасын жакшыртуу (көзөмөл постторун, документтерди тариздеген кызматкерлердин, таразалардын санын көбөйтүү жана терминалдардын аймагын кеңейтүү) маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында президенттин өкүлү узун кезек күтүп турган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жакшы шарттарды түзүү (милициянын жана медициналык пункттарын ачуу, автостоянка куруу, таштандылар үчүн контейнерлерди уюштуруу, даараткана орнотуу) боюнча тапшырмаларды берди.

Күндүн экинчи жарымында Элчибек Жантаев башында турган делегация "Эркештам" көзөмөл-өткөрмө пунктунун нейтралдуу аймагында Кытайдын Кызыл-Суу автономдук округунун губернатору Орозалы Кашкарбай баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө төмөндөгү негизги маселелер талкууланды:

- Көзөмөл-өткөрмө пунктка чейин курулучу 1,5 км аралыктагы 4 тилкелүү унаа жолунун долбоору. Элчибек Жантаев долбоордо каралган жолго дагы 4 км кошуу керектигин сунушталды. Жыйынтыгында көзөмөл-өткөрмө пунктка чейин 5,5 км төрт тилкелүү жол салынмай болду.

- Көмүр экспорттоодо тыгын жана кезек күтүүнү азайтуу үчүн асма көтөрүлмө аба коридорунун долборун ишке ашыруу;

- Өткөрмө пунктун иштөөсүн аптасына 7 күн уюштуруу;

- Ош облусуна кытайдын чоюн (чугун) куюучу заводун куруу; экспортту жана импортту көбөйтүү (Ош облусунан мөмө, жер-жемиштерди жана этти экспорттоо);

- Ош облусун аймагына жер-жемиш жана мөмө-жемиштери чогултуп экспорттоого жөнөткөн логистикалык борбор куруу;

- Бизнес-форум өткөрүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында делегация башчыларынын ортосунда боордоштук мамиле түзүү боюнча Ниет протоколго кол коюлду.

Жетишилген макулдашууларга ылайык төмөндөгү иш-чараларды тез арада ишке ашыруу тапшырмасы берилди:

- тыгындарды жана ар кандай тобокелчиликтерди алдын алуу максатында "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө пунктуна кирүү үчүн жүк ташуучу унаалардын автоматтык-электрондук кезектерин уюштуруу.

- "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө пунктунун аймагын кеңейтүү үчүн жер бөлүп берүү;

- "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө пунктунун кире беришине жол жана коомдук коопсуздукту сактоо максатында милициянын пунктун ачуу;

- "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө пунктунун кире беришине айдоочуларга тез жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн медпункт ачуу;

- "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын айдоочулар үчүн жол жээгиндеги инфраструктураны түзүү боюнча иштерди (унаа токтоочу жай, май куюучу жай, тейлөө станциясы, мейманкана комплекси, азык-түлүк дүкөнү, тамак аш жайы, даараткана, таштанды контейнерлери) тез арада аткаруу.

Жыйынтыгында облустун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизе турган маанилүү макулдашууларга жетишилди. Бул экономикалык тыгыз кызматташтыкты түзүү, бизнестин өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий