ЖК комитети Аталар күнүн белгилөө жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасында Аталар күнүн белгилөө жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов, Кубанычбек Самаков, Медербек Алиев.

Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Медербек Алиев белгилегендей, мыйзам долбоору коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын тааныйт, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

«Мыйзам долбоору үй-бүлөдө жана коомдо аталардын ролун таануунун жана колдоонун, ата менен балдардын ортосундагы эмоциялык байланышты өнүктүрүүнүн, урматтоо жана сыйлоо салттарын калыптандыруунун, ошондой эле балдарды тарбиялоого аталардын жигердүү катышуусун колдоонун маанилүү максаттарына кызмат кылат», - деген эл өкүлү чет өлкөлөрдүн тажрыйбасына кайрылып, учурда Аталар күнү дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекетинде белгиленерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий