ЖК комитети Эмгек кодексинин долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «КР Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана КР Эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгортүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматты эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Жыпариса Рысбекова тааныштырды.

Эмгек мыйзамдарынын максаттары жарандардын эмгектик укуктарынын жана эркиндиктеринин мамлекеттик кепилдиктерин белгилөө, эмгектин жагымдуу шарттарын түзүү, кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Эмгек мыйзамдары тараптардын эмгек мамилелеринин кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарын макулдашууга жетишүү үчүн зарыл болгон укуктук шарттарды түзүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий