• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Депутат Э.Байбакпаев: "Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди инвестициялоо - узак убакытта, эң аз дегенде 8 жылда акталат"

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди инвестициялоо - узак убакытта, эң аз дегенде 8 жылда акталат. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Экмат Байбакпаев бүгүн, 13-апрелдеги "Жай олтуруп баарлашуу" долбоорунда билдиргендигин парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Айрыкча, энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) тармагында, анын ичинде чакан гидроэнергетика жаатында бир катар көйгөйлөр бар экенине токтолгон депутаттын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча атайын мамлекеттик структура, ЭКБ иштеп чыккан жана пайдаланган электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын чыгымдарын жабуу боюнча каржы механизми, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу объектилери курула турган жерлерди сапаттуу иликтөө боюнча бирдиктүү мамиле жана күч аракеттер жок.

"Мындан тышкары, энергиянын кайра жаралуучу объектилерин курууга жерлерди бөлүштүрүү жол-жоболору бюрократташтырылган. Аны менен катар ЭКБ жөнүндө мыйзамдар менен Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ортосунда нормалардын көп коллизиялары бар", - дейт депутат Экмат Байбакпаев.

Аталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталып даярдалган мыйзам долбоорунун алкагында чакан гидроэнергетиканы инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу максатындагы заманбап нормативдик-укуктук база түзүлөрүн айткан депутат: "Эгер мыйзам кабыл алынып калса, ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорду даярдоодо уруксат жол-жоболоруна алектенүүгө инвестордун убактысы жана акча чыгымы кыскарат, инвесторлор менен иштөөдө “Бирдей терезе” принциби киргизилет, коррупциялык тобокелдиктер азаят, анткени уруксат жол-жоболордун жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежеси сунушталат, ЭКБ долбооруна бөлүнгөн жерлерди максаттуу пайдалануу үчүн мониторинг жана контроль жакшырат жана башкысы климаттын жакшырышы күтүлөт", - деди.

Маалымат катары: Азыркы учурда республика боюнча баардыгы болуп 13 чакан ГЭС иштеп жатат, алар: “Чакан ГЭС” ААК (9 чакан ГЭС), анын ичинде Аламүдүн каскадындагы 8 ГЭС (29,7 МВт), Быстровка ГЭСи (8,7 МБт), Ысык-Ата ЧГЭС (1,6 МБт кубаттуулуктагы, 2008-жыл), Калинин (1,4 МБт), Ак-Суу (0,5 МБт), Кыргызата (0,25 МБт).

Пикир

Оставить комментарий