• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын шаарында жаңы сейил бак уюштурулат

Аймак 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Нарын шаарынын “Городок” аймагына сейил бак уюштурулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Анын маалыматында, мындай чечим Нарын шаардык мэриясы тарабынан кабыл алынып, бүгүн 12-май күнү, кезектеги ишембиликтин алкагында сейил бак боло турган 1,5 га жер аянтына бак-дарактардын түрлөрү отургузулду.

Шаарды жашылдандыруу иштерине шаар мэри Э.Алымкулов, шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери катышышты.

Экология фонду жана Нарын облустук токой чарба башкармалыгы көчөттөрдү Ат-башы, Нарын, Жумгал райондорунан алдыртып келген. Тянь-Шань карагайы, кызыл карагай, туя, көк карагай, терек-талдардын түрлөрү болуп 350 түп көчөт отургузулду.

Буга чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн 700 миң сомго аянт жердин коругу тосулуп, куурап калган бак-дарактардан арылтуу, тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Мындан аркы жумуштар сейил бактын долбоорунун негизинде аллеяларды жаткыруу, брусчаткаларды төшөө, отургучтарды, түнкү жарык орнотуу иштерине багытталат. Сейил бакты толугу менен ишке берүү үчүн дагы 2 млн сомдой ачка каражаты талап кылынат.

Шаар башчысы Э.Алымкулов билдиргендей, сейил бакты жасалгалоо иштери күзгө чейин улантылып, шаар тургундары, өзгөчө жаштар эс ала турган жайды жашыл, көрктүү зонага айлантууга шарттар түзүлөт.

Мындан сырткары, паркка жаратылышты сүйүү, кантип ага камкордук көрүү жана коргоо керек экендиги боюнча стендтер орнотулат.https://ssl.gstatic.com/ui/v1/icons/mail/images/cleardot.gif

Пикир

Оставить комментарий