• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

С.Жээнбеков: Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик органдардын иши жетишээрлик деңгээлде эмес

Өкмөт 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдардын оор кесепеттерине жол бербөөгө багытталган чараларды көрүүдө мамлекеттик органдардын иши жетишээрлик деңгээлде эмес, — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы болуп өткөн окуялардын хронологиялык анализи Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жана башка тиешелүү кызматкерлердин кайдыгер мамилеси кайгылуу кесепеттерге алып келгендигин баса белгиледи.

«Бул жалаң гана Ош облусунда болгон окуяларга тийиштүү эместигин белгилеп кетем. Бул өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга тартылган, дээрлик бардык мамлекеттик оргнадардын өз милдеттерин жана функцияларын аткарууда жоопкерчиликсиз мамилесинен кайгылуу кесепеттерге кабылдык», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр жакында Ош жана Жалал-Абад облустарына барганда кырсык болгон жерлерде иштин майнапсыз жасалып жаткандыгын көргөндүгүн баса белгиледи.

«Министрликтер менен ведомстволордун дээрлик бардык жетекчилери өздөрүнүн аймактык бөлүмдөрүнө менин протоколдук буйруктарымды жөнөтүү менен гана чектелишет. Качан адам өмүрүн алып кетип, үйлөр урап, суу каптап кеткен сыяктуу кесепеттерди көргөндө гана сиздер кыймылдап баштайсыңар», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймакты коргоону камсыз кылууга карата берилген 54 тапшырманын 21и аткарылбаганын, ал эми 19у жарым-жартылай аткарылган бойдон турганын билдирди.

«Сиздер өздөрүңөрдүн түздөн-түз функционалдык милдеттериңерди гана эмес, Өкмөттүн да тапшырмаларын да аткарбай жатасыздар», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр дагы бир жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Транспорт жана жолдор министрлигине, Финансы министрлигине, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сын айтып, алардын ишиндеги кемчиликтерди атады.

Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик менен мамлекеттик органдардын жетекчилерине өзгөчө кырдаалдардын алуу алууда жана кесепеттерин жоюу боюнча иш чараларды убагында аткарууну эскертти.

«Сиздер бул үчүн жеке жоопкерчилик аласыздар, ошондуктан иштин аткарылышын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмаларын ишке ашырууну толук камсыздап, аны көзөмөлгө алышыңыздар керек», — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий