ЖК комитети уран кендерин иштетүүгө тыюу салууну алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамына) жана "Уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. Аталган мыйзам долбоору боюнча жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев маалымат берди.

Министр белгилегендей, мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу бул мыйзам долбоору менен КР 2019-жылдын 14-декабрындагы №139 "Кыргыстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө" мыйзамын күчүн жоготту деп табуу сунушталат, ал уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салат.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Азамат Исираилов, Айсаракан Абдибаева, Надира Нарматова экологиялык коопсуздукту камсыздоо, калктын ден соолугун коргоо механизмдери жана тартиби тууралуу маселелерди көтөрүштү.

Министр белгилегендей, мыйзам долбоорун кабыл алуу жер казынасын пайдалануучулар тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо стандарттарын киргизүү жана анын ичинде зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу, жумуш орундарынын коопсуздугун камсыздоо жана суу жана топурак ресурстарына жол берилген таасир этүү боюнча ченемдерди сактоо менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий