• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

ЖК комитетинде 2023-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулуп, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Кыргызстандагы микро- жана макроэкономикалык кырдаалга токтолду. Анын айтымында, 2023-жылдын январь-декабры үчүн ИДПнын реалдуу өсүүсү 6,2% деңгээлинде түзүлдү, бул 2023-жылга ИДПнын болжолдуу өсүүсүнөн 1,7 пайыздык пунктка жогору.

"Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2023-жылдын январь-декабрь айларында 391 903,5 млн сомду же белгиленген пландык тапшырманын 101,5% түздү", - деди баяндамачы.

Пикир

Оставить комментарий