• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

ЖК комитетинде 2023-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулуп, жактырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында 2023-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет угулуп, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Кыргызстандагы микро- жана макроэкономикалык кырдаалга токтолду.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу, аймактар арасында каржы каражаттарын бөлүштүрүү маселелерине, ошону менен бирге Эсептөө палатасынын аудитине көңүл бурду. Ал эми эл өкүлү Дастанбек Жумабеков республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн түзүү, социалдык тармакты каржылоо жана аймактар арасында финансылык каражаттарды бөлүштүрүү маселелерин тактады. Муну менен катар депутат Талас облусундагы социалдык обьектилерди куруу маселелерине токтолду.

Пикир

Оставить комментарий