ЖК комитетинде Зулушевди кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү маселеси каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында КР башкы прокурорун кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү жөнүндө маселе каралып, жактырылды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурор Курманкул Зулушевди берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий