Бишкек, 21.09.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жогорку Кеңеш “КР менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карап чыгып, жактырды.
Документке Бишкекте 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган.
Документти талкуулоо жабык эшик артында жүрдү.
Жыйынга премьер-министри Сапар Исаков баштаган КР Өкмөтүнүн тиешелүү министрликтери менен мекемелеринин жетекчилери катышты.
Пикир
Оставить комментарий