• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Төрага Жумабеков пандемия маалында кызматкерлердин коопсуздугун коргоо зарылчылыгын белгиледи

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков өндүрүш ишканалары пандемия маалында өз кызматкерлеринин коопсуздугуна көңүл бурушу керектигине токтолду.

Андан тышкары, төрага коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөш жигердүү жүргүзүлүп жатканын белгилеп, бирок Кыргызстан да, дүйнө да илдетти жеңе электигин кошумчалады. Муну менен катар жарандарды Өкмөттүн, Республикалык штабдын жана дарыгерлердин сунуштарын угууга үндөдү.

"Бүгүнкү күндө ишканалар, базарлар, соода борборлору иштеп жатат. Бирок илдет чыкканга чейинки абалда иштөөнү улантсак, катачылыкка жол беребиз. Андыктан бардык коопсуздук чараларын сакташыбыз керек. Көрсөтүлгөн эреже-талаптарды аткарышыбыз шарт. Ошондо оору менен күрөшүү жеңил болот", - деди төрага.

Мындан сырткары, Жумабеков жарандарды жеке коопсуздук чараларын бекем кармап, бет кап кийүүгө, ооруга каршы коргонуучу каражаттарды колдонууга жана социалдык аралыкты сактоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий