• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК президенттик шайлоого карата жүргүзүлгөн даярдыкты тыкыр көзөмөлдөйт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблея Кеӊешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандагы президенттик шайлоого карата билдирүү жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Таза, ачык-айкын шайлоону өткөрүү Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Өлкөбүздө шайлоо системасына тиешелүү олуттуу реформалар жүргүзүлгөн. Буга мисал, жарандардын биометрикалык маалыматтарынын негизинде заманбап технологиялардын жардамы менен 2015-жылдагы парламенттик шайлоо, 2016-жылдагы референдум ийгиликтүү өттү",- деди Чыныбай Турсунбеков.

Ошондой эле Төрага Чыныбай Турсунбеков Россия Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матиенкого КМШ ПААнын атынан Кыргызстандагы быйылкы президенттик шайлоого байкоочуларды жөнөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип: "Эл аралык байкоочулар институту шайлоо өнөктүгүнүн демократиялык статуска ээ экендигин тастыктоо үчүн өтө чоӊ мааниге ээ", - деди.

Анын айтымында кыргыз тарап эл аралык байкоочу катары катышуу үчүн КМШга мүчө мамлекеттердин ар биринен келген парламенттик делегацияларды жана КМШ ПААнын байкоочулар тобун кубануу менен кабыл алат. "Жогорку Кеӊеш президенттик шайлоого карата жүргүзүлгөн даярдыкты тыкыр көзөмөлдөп, ага мониторинг кылуучу парламенттер аралык уюмдардын ишине көмөк көрсөтөт", - деп баса белгиледи Чыныбай Турсунбеков.

Мындан тышкары, ушул жылдын 11-сентябрында Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалы менен Коопсуздук кеӊешинин кезектеги жыйыны болгонун билдирип, анда шайлоо өнөктүгүн акыйкат өткөрүү менен жарандардын эркин тандоосуна мүмкүнчүлүк түзүүнү камсыздоо чечими кабыл алынгандыгын кошумчалады. "Буйруса, бул шайлоо да жогорку деӊгээлде өтүп, дүйнөлүк коомчулук тарабынан колдоого алынат деген ишеничтемин", - деди Төрага.

Пикир

Оставить комментарий