Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Баңгизаттын жаңы түрлөрү мектептерде жана жогорку окуу жайларында кеңири жайылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.
Төрага белгилегендей, оор баңги заттарынын саны азайганы менен мектеп окуучулары жана студенттер арасында жаңы түрлөрүнүн таралышы жыл сайын көбөйүүдө.
«Мамлекеттин келечегин талкалай турган коркунуч менен бүтүндөй коомчулук күрөшүшү керек. Бул жерде жашыра турган эч нерсе жок, анткени ооруну жашырбай, ачык дарылоо керек», - деди спикер.
Ал баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшкөн күч түзүмдөрүн материалдык-техникалык жактан жабдууну жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Муну менен катар, эл өкүлдөрү бүгүн, 23-январда “Балдар жана жаштар арасында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карашты.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору дарыканадагы баңгичиликтин алдын алуу максатында иштелип чыккан.
Бирок депутат Жаныбек Кыдыкбаев Ички иштер министрлигин баңгизатка каршы күрөш жетишсиз деп сындады.
«Ички иштер министрлигинин баңгизатты жайылтууга каршы иш-аракеттери натыйжа бербейт, жыл сайын баңги заттары көбүрөөк жайылууда», - деп белгиледи ал.
Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгын чет элдик булактардан каржылоону токтотуп, каржылоону толугу менен кыргыз бюджетинен алууну сунуштады.
Анын пикиринде, милиция баңгизатка каршы күрөштү күчөтүүгө кызыкдар эмес, анткени баңги бизнесинин жоюлушу менен чет элдик каржылоо да токтошу мүмкүн.
Өз кезегинде, Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев чет элдик донорлор негизинен техникалык колдоо көрсөтүп, акча жагынан алардан көз карандылык жок экенин белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий