ЖК төрагасы Баткен окуяларына байланыштуу өкмөт өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Баткен облусуна келишти, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, депутаттар өкмөттүн өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүштү. Андан соң чек ара чыр-чатагында жабыркаган жергиликтүү калк менен бир катар жолугушуулар өтөт.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү гуманитардык жардам да алып келишти. Парламенттин атынан жарандарга медициналык дары-дармектер, азык-түлүк жана эң зарыл башка товарлар берилет.

Пикир

Оставить комментарий