Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжандын Милли Межлисине барып, аталган өлкөнүн жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган мааракелик жыйынга катышты. Бул тууралуу КР ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жыйынды Милли Межлистин төрайымы Сагиба Гафарова ачып, андан соң башка өлкөлөрдүн парламенттеринин делегация башчыларына сөз берилди.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев улуу мамлекеттик ишмердин өмүр жолуна токтолуп: “Дарак жемиши менен, адам иши менен баалуу” – дегендей, Гейдар Алиев боордош Азербайжан элинин келечеги үчүн үзүрлүү эмгектенген. Көптөгөн кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү жеңип, өзүнүн талыкпаган аракетинин аркасы менен өлкөсүн өнүктүргөн. Айрыкча Азербайжандын экономикасынын алдыга жылуусу Гейдар Алиевдин ысымы менен тыгыз байланышта”, – деди.
Муну менен катар Гейдар Алиев Азербайжандын гана эмес, мурдагы Совет өлкөсүнүн, бүткүл түрк дүйнөсүнүн соңку тарыхында терең из калтырган дүйнөлүк масштабдагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана саясатчы экенин белгилеген Нурланбек Шакиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы Гейдар Алиевге тарыхый жана легендарлуу инсан катары баа бергенин эске салды.
“Бекеринен “Гейдар” деген ат “Баштоочу, жол башчы, алдыда жүрүүчү” деген маанини туюндурбаса керек. Атына заты жарашкан, эл үчүн кам көргөн, азербайжан элинин чыгаан уулу Гейдар Алиев өзүнүн татыктуу басып өткөн өмүрү, элим-жерим деп күйүп жанган эмгеги менен ар бир Азербайжан атуулунун жүрөгүндө, элинин эсинде түбөлүккө сакталат”,– деп кошумчалады төрага.
Ошондой эле улуу инсандын 100 жылдыгына байланышкан иш-чаралар Кыргызстанда да өтүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеште дагы атайын маарекелик жыйын уюштурулганын маалымдады.
“Кыргыз элинде “Аккан арыктан – суу агат” – деген накыл сөз бар. Анын сыңарындай, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев “Атанын уулу” деген сөздү бийик тутуп, атасы баштап кеткен ишти ийгиликтүү улантууда”, – деген Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын жана парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалына токтолду.
Пикир
Оставить комментарий