• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бажычылар аткезчилик жол менен ташылып келген күрүчтү аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Бажычылар аткезчилик жол менен ташылып келген күрүчтү аныктады.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, бажычылар Ш.Б.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Volvo FH12 үлгүсүндөгү унааны текшерген. Унаадан Кыргызстандын аймагына алып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтери жок күрүч аныкталган.

Кармалган товардын жалпы салмагы 9 тонна, баасы 1 млн 350 миң сом. Бул факт КБР МЭЖ АДСда катталган.

Бул материал боюнча жалпы суммасы 464 миң 919 сом айып санкциялары жана тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий