ЖК төрагасы Жалал-Абад облусунун активи менен жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Кечээ, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абад облусундагы эки күндүк иш сапарынын соңунда аймактын автиви менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү эл жол, суу, оорукана, мектеп, пенсия сыяктуу бир катар социалдык көйгөйлөрү тууралуу маалымат берип, жеңилдетилген насыяларды көбөйтүү менен мамлекеттик сатып алуулардагы чектөөлөрдү төмөндөтүү багытындагы маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле, каржы убагында чегерилбегендиктен мамлекеттик ишкана-мекемелердин электр жарыгына болгон карызынын тууму өсүп кетип жатканын жүйө келтиришип, жагдайды кайра карап чыгууну өтүнүштү. Андан тышкары, Базар-Коргон районуна караштуу Жаз-Кечүү айылына эч убакта электр жарыгы киргизилбегендигин маалымдашып, Төрагадан бул көйгөйдү чечүүгө көмөктөшүүнү суранышты.

Чыныбай Турсунбеков аймактардагы маселелер азаймайын, өлкөдөгү абал жакшырбай тургандыгын баса белгилеп: “Көйгөйдү айтуу менен гана чектелбей, баарыбыз биргелешип оң жакка чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Мында жергиликтүү бийлик органдары менен тармактык министрликтердин тыгыз иш алып баруусу өтө маанилүү. Ал эми Жогорку Кеңеш бардык айтылган маселелерди өз көзөмөлүнө алып, ыкчамдатып чечилишине жардам беребиз”, – деди.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барып, Токтогул, Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы социалдык мекемелердин абалы менен таанышты. Ошондой эле Кара-Көл шаарындагы бир катар өндүрүштүк ишканаларды кыдырды.

Пикир

Оставить комментарий