ЖК төрагасынын орун басары Азыгалиев Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуунун алкагында тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын эки тараптуу мамилелерин, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн кеңири маселелерин талкуулашты.

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев эки өлкө ортосунда өз ара саясий жана экономикалык байланыштар жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, кыргыз-кытай парламенттеринин ортосундагы байланышты жакшыртуу жагдайына көңүл бурду.

Мындан тышкары тараптар Кара-Балта шаарында жайгашкан «Джунда» мунай иштетүүчү заводунун айланасында жаңы жумуш орундарын түзүү жана экологиялык маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий