ЖК тармактык комитети акыйкатчынын 2023-жыл үчүн баяндамасын укту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылы Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» КР акыйкатчысынын баяндамасы каралды.

Аталган маселе боюнча акыйкатчы Жамиля Жаманбаева маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев Бишкектеги чет элдик студенттер менен болгон окуя тууралуу сөз кылып, бул багытта акыйкатчы тиешелүү иштерди жүргүзүшү керектигин баса белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү соттолгон аялдарды төрөт үйүнө конвоирлөө учурунда конвойдун курамына аял кызматкерлерди кошуу зарылдыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев акыйкатчынын 2023-жылдагы маалыматына көңүл буруп, укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу кайрылуулар жана даттануулар 51%ды түзгөнүн белгиледи. Эл өкүлү пробацияны колдонууда өлкөдөн чыгууга чектөө киргизүү керек деген пикирин билдирип, А.Ногойбаеванын иши жөнүндө да суроолорду узатты.

Депутат Дастанбек Жумабеков "КР акыйкатчысы (омбудсмени) жөнүндө" мыйзамдын макамы тууралуу маселени ортого салса, депутат Жанарбек Акаев балдардын жана аялдардын, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багытында бир катар сунуштарын берип, расмий жолугушууларга балдардын катышуусуна чектөө киргизүүгө чакырды.

Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова акыйкатчынын баяндамасына көңүл буруп, анда кайрылуулардын жана даттануулардын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарынын иши боюнча түшүп жатканын, бул маселени прокуратура көзөмөлгө алышы керектигин айтты.

Жыйынтыгында "2023-жылы Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" КР акыйкатчысынын (омбудсмендин) баяндамасы эске алынды.

Пикир

Оставить комментарий