Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеш Тилек Абдрашитовду Судьяларды тандоо кеӊешинин мүчөлүгүнө бекитти. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
Тилек Абдрашитов 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ал Аскер сотунда судья, төраганын орун басары, Чүй облустук сотунун судьясы болуп иштеген. Сот тармагындагы жал иш стажы – 18 жыл.
Пикир
Оставить комментарий