• 88.68
  • 95
  • 0.95

Манасчылардын жана дастанчылардын республикалык кароо сынагы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнь күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Дүйнө элдеринин эпосторунун V эл аралык фестивалынын алкагында манасчылардын жана дастанчылардын республикалык кароо сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул сынак, манасчылыкты жана дастанчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу жана мыкты манасчыларды жана дастанчыларды, мелдештин жеңүүчүлөрүн жалпы коомчулукка алып чыгуу максаттарын көздөйт.

Манасчылар жарышында 5 жаштан 25 жашка чейинки өнөрпоздор катышууда. Дастанчылар мелдешине аталган өнөр жаңыдан жолго түшүп келе жаткандыктан катышуучулардын жаш мүмкүнчүлүгү чектелген эмес.

Манасчылар жана дастанчылар мелдеши 2 айлампа менен өтөт жана жалпы байге фонду 400 миң сомду түзөт. Учурда сынакка аймактардан келген 13 манасчы катышууда.

Пикир

Оставить комментарий