• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ЖКга кайра шайлоо: Үгүт өнөктүгүн бузгандыгы үчүн 50 миң сомго 6 айып салынды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.02.22. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт өнөктүгүн бузгандыгы үчүн 50 миң сомго 6 айып салды. Бул тууралуу брифингде Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, үгүт өнөктүгү учурунда жалпысынан БШКга 24 арыз келип түшкөн, анын ичинен 20сы үгүттүн шарттарын бузуу, төртөө – талапкер жөнүндө жалган маалымат берүү.

Райондор боюнча алганда:

- Биринчи май округунан - 4 билдирүү;
- Свердлов округунан - 20 билдирүү.

Өз кезегинде БШКнын ыкчам жооп кайтаруу ыкчам тобуна 15 арыз түшкөн:

- добуш сатып алуу боюнча – 9;

- административдик ресурстан кыянаттык менен пайдалануу – 3;

- баннерлерди уурдоо – 2;

- шайлоо документтерин бурмалоого аракет кылуу – 1.

Округдарга бөлгөндө:
- Биринчи май округунан - 6 билдирүү ;
- Свердлов округунан - 9 билдирүү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында “баарына каршы” графасы көпчүлүк добушка ээ болуп, кайра шайлоо 27-февралга дайындалган.

Жалпысынан БШК №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого катышууну каалаган 52 талапкерди каттаган.

Биринчи май шайлоо округу боюнча акыркы учурда эки талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан, бирок шайлоо бюллетенине талапкерлердин маалыматтары киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий