• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда 251 мас айдоочу аныкталды. "Рулда" рейдинин жыйынтыгы

Коом 0

Бишкек, 23.06.23./Кабар/. 13-19-июнь аралыгында жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында "Рулда" аталышында рейд өткөрүлүп, 251 мас айдоочу аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ошондой эле 22 миң 240 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаргандар 251 айдоочу;
- көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашырып айдагандар 3 529 айдоочу;
- терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 65 айдоочу;
- мамлекеттик номуру жок унаа айдагандар 37 айдоочу;
- тийиштүү докумменттери жок унаа башкаргандар 209 айдочу;
- кызматкерлердин токтотуу талабына баш ийбей кармалгандар 20 айдоочу;
- коопсуздук курун тагынбагандар 4 216 айдоочу;
- башка жол эрежелерин бузуулар 13 913 айдоочу;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 1537 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да күчөтөт.

Пикир

Оставить комментарий