• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ЖКККББ: Мас абалында унаа башкаргандардын саны 45 пайызга азайды

Коом 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда мас абалында унаа башкаргандардын саны 45 пайызга азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББ 1-апрелден 7-апрелге чейин 18 миң 341 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.

Алардын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 213;

- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 59;

- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 77;

- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 298;

- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 5 987;

- авто ээнбаштык - 6;

- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 566;

- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 7;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 8 128;

- ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 156 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

"Талдоо көрсөтүп тургандай жаңы эрежелер күчүнө кирген күндөн тартып баардык эреже бузуулардын түрлөрү азайууда. Ал эми бир жуманын талдоосу менен мас абалында ичип алып айдагандардын саны 45 пайызга азайган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий