• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Салык кызматы фискалдык маалыматтардын операторлорун тандап алууну баштады

Коом 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы токтомуна ылайык фискалдык маалыматтардын операторлорунун (ФМО) реестрине киргизүү үчүн компаниялардын арыздарын кабыл алып жаткандыгы тууралуу жарыялайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Фискалдык маалыматтардын оператору – салык кызматы менен ишкерлердин ортосундагы звено. Башкача айтканда, бул реестрге киргизилген жана фискалдык маалыматтарды корголгон түрдө топтоого жана салык органына берүүгө уруксат алган уюм.

ФМО салык кызматы менен өз ара аракеттешүүдө салык төлөөчүлөр үчүн эң жогорку ыңгайлуу шарттарды түзөт. Отчеттор, фискалдык чектер жана башка документтер ыңгайлуу санариптик платформалар аркылуу берилүүгө тийиш. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген базалык талаптарга ылайык келген ФМОнун жогорку деңгээлдеги ачык жана атаандаш рыногу түзүлөт.

ФМОго талапкерлер бир катар талаптарга ылайык келиши, анын ичинде телематикалык кызматтарды көрсөтүүгө КР Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиясына, КР аймагында болгон ФМОнун техникалык каражаттары жайгаштырыла турган кыймылсыз мүлк объекттерине (имараттар, курулмалар, жайлар) менчик укугуна же ижарага берүү укугуна ээ болушу керек. Ошондой эле штатында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү квалификациялуу адистердин жана күнү-түнү техникалык колдоо кызматынын болушу зарыл.

Мамлекеттик салык кызматы фискалдык маалыматтардын операторун реестрге киргизүүгө табыштамаларды жумушчу күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаары, Чүй проспекти, 219 дареги боюнча кабыл алат. Сурап-билүү телефону: (0312) 61-17-46.

Берилген табыштамалар салык органынын кызмат адамдарынан жана чакырылган көз карандысыз байкоочулардан турган комиссия тарабынан каралат.

Арыз ээси тарабынан берилген документтерде талаптарга ылайык келбеген жалган маалыматтар аныкталган же документтер толук эмес берилген учурда комиссия мурда берилген документтердин топтомун кайтарып берүү менен расмий каттын негизинде табыштаманы четке кагат. Ошол эле учурда арыз ээси мурда аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен ФМО реестрине киргизүү жөнүндө табыштаманы кайрадан берүүгө укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий