• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынынан кийин бир катар жетекчилер кызматтан бошотулду

Коом 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги 2021-жылга карата коллегиянын жыйынтыгында бир катар жетекчилер ээлеген кызматтарынан четтетилди.

Министрликтин маалыматы боюнча, төмөнкү жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду:

- Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, Нарын облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Муратбек Аляскаров;

- Баткен районунун Кулунду аймактык жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Пулат Абдуманов;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош аймактык башкармалыгынын директору Максымбек Омокеев;

- Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин түштүк бөлүмүнүн башчысы Садбар Кутбаев.

Пикир

Оставить комментарий