• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

ЖКККББ: Мектеп окуучуларына жол эрежелери үйрөтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери орто мектептерге барып, жол коопсуздугу багытында атайын алдын алуу иш-чараларды өткөрүшүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда мектеп окуучуларына үйдөн чыккандан тартып, мектепке чейинки аралыктын маршруттук чийинин, жол чырактардын, жөө өтмөктөрдүн, жол белгилеринин эрежелерин эскертишип, мектеп окуучуларынан суроо-жооп алышты.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы баардык орто мектептердин ар бирине жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бирден бекитилип, мектеп окуучуларынын жол коопсузугун камсыздап келишүүдө.

Пикир

Оставить комментарий