ЖККУнун аскерлери Казакстандан эки күндөн кийин чыгарыла баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун аскер контингентин Казакстандан чыгаруу эки күндөн кийин башталарын билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазат.

Токаев белгилегендей, Казакстандын бардык аймактарында абал туруктуу, ЖККУнун негизги миссиясы аяктады.

Казакстанда Улуттук гвардиянын жана атайын багыттагы күчтөрдүн жаңы бөлүктөрү түзүлөт. Токаев өлкө чек ара кызматынын принциптерин кайра карап чыгышы керектигин билдирип, биринчи кезекте Кытай менен болгон бажы чек арасында тартипти орнотууну тапшырды.

Ошондой эле өлкө башчы Улуттук банкка улуттук валютанын туруктуугун камсыздоо тапшырмасын койду.

Пикир

Оставить комментарий