• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Өзбекстанда жеке мектептерде да каникул 24-январга чейин узартылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Өзбекстанда билим берүү сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекция жеке мектептерде да кышкы эс алуу 24-январга чейин узартылганын билдирди.

“Мамлекеттик эмес билим берүү мекемелеринде 24-январга чейин окуу жараяны болбойт”, – деп айтылат билдирүүдө.

9-январда Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги окуучулардын кышкы эс алуусу 24-январга чейин узартылганын билдирген. Окуу 11-январда башталмак.

Министрликтин маалыматында мындай чечим мектеп жетекчилеринин жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды уюштуруу жана сасык тумоонун жайылуусуна бөгөт коюу максатында кабыл алынганы белгиленген.

6-январда жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын, академиялык лицейлердин окуучуларынын эс алуусу да 24-январга чейин узартылганы кабарланган.

Өткөн жекшембиде Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун “омикрон” штаммы аныкталганын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий