• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ЖКнын 2018-жылдын 11-январындагы жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 11-январындагы жыйынында бир нече мыйзам долбоорлоруна добуш берилген.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, алар төмөнкүлөр:

Үчүнчү окууда:

“Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору

Экинчи окууда:

“Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

“Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

“Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;

“Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору.

Пикир

Оставить комментарий