• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2017-жылы “Ош” аэропорту 1,5 млн жүргүнчүнү тейлеген

Аймак 0

Ош, 11.01.18. /Ерлан Тургунбаев - Кабар/. Эл аралык “МЭА” ААКнын Оштогу филиалы 2017-жылы 1 млн 490 миң жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу “МЭА” ААКнын Оштогу филиалынын директорунун орун басары Мирлан Нышаебаев билдирди.

Анын айтымында, бардыгы болуп “Эл аралык Манас аэропорту” АККсы 2017-жылы 3,5 млн жүргүнчүнү, ал эми Ош аэропорту 1 млн 490 миң жүргүнү ички жана эл аралык каттамдар боюнча тейлеген.

2016-жылдын ушул мезгилине карата Ош аэропортунда жүргүнчүлөрдүн агымы 470 миң адамга жогорулаган.

“2017-жылы Ош аэропортунда автобаза жаңыртылган, эски жүк ташуучу унаалардын ордуна беш жаңы трактор сатылып алынган. Мартта жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн эки жаңы автобус сатып алуу пландалууда. Мунун баары тейлөө сапатын жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн жасалууда”,-деп билдирди М.Нышанбаев.

Пикир

Оставить комментарий