ЖКнын каржы комитети министрлер кабинетинин Казакстандын 100 млн доллар жардамынан баш тартуу чечимин колдоду

Экономика 0

Бишкек, 23.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Казакстан менен Кыргызстанга 100 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүү тууралуу келишимди денонсациялоо жөнүндө өкмөттүн мыйзам долбоорун колдоду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешов билдирди.

Белгилей кетсек, жардам Казакстан тараптан Кыргызстанга республикабыздын Евразия экономикалык союзуна киришинин алкагында көрсөтүлмөк.

Бекешевдин айтымында, Кыргызстан жардамдан баш тартып туура кылды.

“Биринчиден, адеп кеп каржылык көмөк тууралуу болгон. Мен 2010-жылы депутат болдум, ошондон бери бул маселе талкууланып келет. Кийин аны Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин алкагындагы техникалык жардам катары кылууну чечишкен. Мен биздин өкмөттөн Казакстандан кандай жардам, тагыраагы, кандай жабдуу түрүндө көрсөтүлөрүн сураганымда, мага эч ким жооп берген эмес. Ошондо эле эч кандай жардам болбой турганы белгилүү болчу”, - деди ал.

Депутат Кыргызстанга каржылык жардам чындыгында керектигин, бирок, эгерде убада кылынган каражаттар алигиче түшө элек болсо ратификацияланган келишимдин кереги жоктугун билдирди.

Бекешев болгону КР өкмөтү денонсация менен шашпай турса болмоктугун, анткени бул учурда кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу таарыныч катары көрүнүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Казакстан Кыргызстанга 100 миллион доллар өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүүнү убада кылган. Үстүбүздөгү жылдын мартында ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жолугушуусу учурунда Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев КРга 41 млн доллар өлчөмүндөгү биринчи траншты которууга даярдык билдирген.

Бирок, Кыргызстандын өкмөтү билдиргендей, Казакстан ушул күнгө чейин которгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий