Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Калифорниянын Лос-Анджелес аймагындагы токой өртүнүн аянты дээрлик 11 миң гектарга жеткенин АКШнын президенти Жо Байден билдирди. Бул тууралуу АКШнын президентинин сайтына таянуу менен CentralAsia басылмасы маалымдады.
Жо Байден "Бул Калифорниянын тарыхындагы эң кыйратуучу өрт" ,-деп белгилеген.
Муну менен катар кырсык болгон аймактан 360 миң адам эвакуацияланганын кошумчалаган.
Американын президенти федералдык бийликтер районго кошумча өрт өчүрүүчү бригадаларды, ошондой эле бир нече ири өрт өчүрүүчү учактарды жөнөтөрүн белгиледи. Жо Байден өрт менен күрөшүү үчүн Канададан адистерди тартууну четке каккан жок.
Белгилей кетсек, 7-январь күнү Калифорниянын түштүк бөлүгүндө токой өртү чыккан. Жергиликтүү бийлик өрт кырсыгынынан 8 киши каза болгонун айтып, курман болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.
Ошондой эле Лос-Анджелесте Голливудга жакын аймактардан тургундарды эвакуациялоо башталганы айтылды.
JPMorgan Chase банкы келтирилген зыянды 50 миллиард доллар деп баалаган.
Өрттүн кесепетинен Голливуддун бир нече жылдыздары үйлөрүнөн ажырады, анын ичинде актёрлор Дайан Уоррен, Джейми Ли Кертис, Мэнди Мур, Анна Фарис, Пэрис Хилтон, Лейтон Мистер жана Адам Броди. АКШ президенти Жо Байдендин уулу Хантердин Малибудагы үйү да күйүп кетти
Пикир
Оставить комментарий