• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүүдөн баш тартты

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында убактылуу депутаттык комиссия түзүү жана экс-президент макамын калыбына келтирүү боюнча Аскар Акаевдин арызы каралды.

Парламенттен билдиришкендей, жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тиешелүү арыз Жогорку Кеңешке 3-сентябрда келип түшкөнүн эске салды.

Ал белгилегендей, комитет Аскар Акаевдин арызын эске алып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган. Ошондой эле комитет Жогорку Кеңешке убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө Аскар Акаевдин арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуштоодо.

Жогорку Кеңеш бул чечимди колдоп, Аскар Акаевдин арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу парламенттин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий