• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу башкармалыгындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзгөн иштеринин алкагында аталган башкармалыктын айрым кызматкерлеринин коррупциялык иштери боюнча маалыматтар алынган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө департаменттин Чуй башкармасынын кызмат адамдарына (1000 сомдон 3000 сомго чейин) белгилүү акчалай сыйлык үчүн "Фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды реэкспорттоо, фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун талаптарын аткарбастан, карантинге алынган продукцияны экспорттоо үчүн шайкештиктин фитосанитардык сертификаттарын берүүнү жүзөгө ашырышкан. Ошону менен бирге жогорку кызмат адамдары купуялуулукту сактоо максатында кызмат адамы менен жүктүн ээси ортосунда ортомчу болгон айрым жеке фирмалар менен сүйлөшүүгө барышкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында департаменттин Чүй башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда Аламүдүн жана Москва райондорунун кызматкерлери тарабынан системалуу негизде акча каражаттарын алуу фактылары катталган.

Топтолгон далилдердин негизинде аталган башкармалыктын Чүй-Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери К.Т.А., К.С.К., К.Б.Э. кармалып УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган адамдардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо ошондой эле бул коррупциялык ишке катышкан башка адамдардын бетин ачуу жана жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий