Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын башкы прокурорунун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков талапкерди өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн бардык күч-аракетин жумшоого, жарандардын кайрылууларына, ошону менен бирге тергөөнүн сапатына жана процессуалдык мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ал эми эл өкүлү Элвира Сурабалдиева "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын 1 млрд сомго жакын чыгымга учурагандыгы жана Биринчи май районундагы бир катар көчөлөрдүн оңдолбогондугу боюнча ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү керектигин белгиледи.

Депутат Медербек Алиев белгилегендей, талапкердин алдында элдин ишенимин жана прокурорлордун аброюн жогорулатуу боюнча чоң жоопкерчилик турат. Эл өкүлү Исхак Масалиев Конституцияга ылайык, Кыргызстандын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөрүн белгилеп, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.

Эл өкүлү Русланбек Жакышов жарандарды, анын ичинде эмгек мигранттарды жер мафиясынан коргоо зарылдыгын белгилесе, депутаттар Ырысбек Атажанов жана Кундузбек Сулайманов тергөө функцияларын прокуратурага кайтаруу маселесин ортого салышты.

Депутат Аманкан Кенжебаев Сокулук районундагы бала бакчанын имаратында прокуратура жайгашканын айтып, имарат максаттуу пайдаланылышы үчүн маселени чечүүнү сунуштады. Депутат Мейкинбек Абдалиев реформаларды жүргүзүү, кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү керектигин белгиледи.

Эл өкүлү Айсулуу Мамашова 2024-жылдын 1-кварталында турмуштук оор кырдаалга кабылган 2238 бала аныкталып, анын ичинде 107 бала физикалык, сексуалдык жана физикалык зордук-зомбулукка кабылганын маалымдап: "Балдарга карата 52 зордук-зомбулук учуру катталып, алардын ичинен 34 учуру боюнча тергөө кызматтары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө, 6 учуру боюнча кыскартуу чечими кабыл алынган жана 12 учуру боюнча сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн", - деген Айсулуу Мамашова, көп иштер кыскарганын сындап, прокуратурадан бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков ар бир мамлекеттин негизин адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук түзөрүн белгилеп, ишкерлерге, коомдук ишмерлерге, саясатчыларга туура эмес иш козгогон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү.

Эл өкүлү Арсланбек Малиев талапкер коррупция менен кантип күрөшөрүнө кызыгып, кадр саясатында ротацияны колдонууну сунуштаса, депутат Бактыяр Калпаев ири өлчөмдөгү алдамчылык менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.

Жыйынтыгында башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берилип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий