• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жогорку Кеңеш Элдик курултай жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда жактырылды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган мыйзам долбоору президенттин мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында Конституциянын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев жасалган иштер боюнча маалымат берип, 22 берене 15ке кыскартылганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов курултайдын мүчөлөрү жылына бир жолу эле чогулуп, көйгөйлөрдү көтөрүп, сунуштары менен бөлүшүп турушу керектигин айтып, кайра-кайра жыйын өткөрүүгө зарылчылык жок экенин белгиледи.

Өз кезегинде мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев курултай бийликтин үч бутагынын бирөөсүнө да кирбей тургандыгын жана өзүнчө бийлик бутагы катары да эсептелбестигин маалымдады.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп, анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий