• 86.15
  • 93.74
  • 1.24

Бишкекте биринчи Элдик курултай аяктап, резолюция кабыл алынды

903 кароо Коом 0

Бишкек, 26.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эки күнгө созулган биринчи Элдик курултай аяктады.

Курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилип, алардын сунуш-пикирлери жана нааразычылыктары угулду.

Элдик курултайдын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Документтин текстин келтиребиз:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 „Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө“ Жарлыгына ылайык өткөрүлгөн Биринчи Элдик Курултайдын РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

(Бишкек, 2022-жыл, 26-ноябрь)

2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 2022-жылдын 15-августундагы № 284 „Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө“ Жарлыгына ылайык Биринчи Элдик Курултайдын жыйыны уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укугу бар. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу.

Элдик Курултай — элдик өкүлчүлүктүн коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңешүүчү жана байкоочу жыйыны болуп эсептелет. Элдик Курултай коомду жана мамлекетти экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн, улуттук коопсуздукту камсыздоонун, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоонун, жарандардын коомду өнүктүрүүнүн өтө маанилүү маселелерин, руханий-идеологиялык маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, жергиликтүү коомчулуктардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын коомдук маанилүү кызыкчылыктарын макулдашууну камсыз кылат.

Элдик Курултай маданий өзгөчөлүктү сактоого жана өнүктүрүүгө, кыргыз мамлекетин жана коомун сактоого жана туруктуу өнүгүүсүн колдоого, жашоонун сапатын жакшыртууга, улуттук кызыкчылыктарды ишке ашыруунун тегерегинде коомду консолидациялоого көмөктөшөт.

Элдик Курултайда маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Элдик Курултайдын чечими тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштама катары жиберилет.

Биринчи Элдик Курултай ийгиликтүү өтүп, ага Кыргыз Республикасынын ар бир аймагынан шайланып келген делегаттардан, чакырылган коноктордон жана Кыргыз Республикасынын аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин жетекчилеринен, кызматчыларынан турган 1200дөн ашык өкүл катышты. Тактап айтканда, Элдик Курултайга региондордон 1036 делегат, конфессиялык коомчулуктан 10 делегат, мигранттардан 26 делегат, жалпысынан 1072 делегат катышты. Анын ичинен: аялдардын саны — 148, эркектердин саны — 924, жогорку билимдүүлөр — 710, орто билимдүүлөр — 400, 18 жаштан 50 жашка чейинкилер — 360, 50 жаштан 90 жашка чейинкилер — 723, башка этностордон — 10 адам болду.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаров Биринчи Элдик Курултайга өлкөдөгү иштин абалы, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары жөнүндө Кайрылуу жасады.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н. Т. Шакиев жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А. У. Жапаров делегаттарга мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигиндеги аткарылып жаткан иштер боюнча кыскача маалымат беришти.

Ар бир облустан жана республикалык маанидеги Бишкек, ошондой эле Ош шаарынан шайланып келген делегаттар өздөрүнө тиешелүү аймактагы жетишкендиктер жана көйгөйлүү иштер тууралуу маселелерди жазуу түрүндө Биринчи Элдик Курултайдын катчылыгына берип, аларды чечүүнү мамлекеттик органдардын, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине тапшырышты.

Чыгып сүйлөгөндөр Кыргыз Республикасынын 31 жылдан бери саясий жана социалдык-экономикалык кризистен чыкпай келе жатышынын негизги себеби катары кадрдык саясаттын каталары, билим берүү системасына тиешелүү көңүл бурулбагандыгы, илимий-изилдөө иштериндеги кайдыгер мамилелер, сот, прокуратура органдарындагы адилетсиздик иштер, мамлекеттик тилдин декларативдүү макамга айланышы, саламаттык сактоо иштериндеги баш аламандыктар, дин ишмердүүлүгүндөгү ырааттуулуктун жоктугу, маданиятка көңүл буруунун төмөндөшү, элдин нарк-насилине, жүрүм-турумуна, таалим-тарбиясына жана дүйнө таанымына төп келген тиешелүү иш-чаралар өткөрүлбөй, вакуумдар (боштуктар) жаралып, ошонун негизинде эл арасына түрдүү маданияттардын элементтери кирип, натыйжада алардын кесепеттери менен алпурушуп жаткандыгы баса белгиленди.

Ошону менен бирге көптөгөн жылдардан бери чечилбей, кыргыз жарандарына кыйынчылыктарды жана түйшүктөрдү жаратып келе жаткан кошуна өлкөлөр ортосундагы чек ара маселелери, такталбаган аймактар, калкты тейлөө борборлорундагы көйгөйлөр, коррупциялык көрүнүштөр, райондор арасындагы талаштуу жайыттар, эскилиги жеткен имараттар, өлкө ичиндеги жолдор, суу жетпеген айылдар, айдоолор жөнүндө арыздар, дооматтар, сунуштар айтылды.

Биринчи Элдик Курултай жогоруда айтылган сын пикирлердин жана сунуштардын негизинде төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштама:

— 2023-жылдын май айына чейин „Элдик Курултай жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын кабыл алып берүү;

— Кыргыз Республикасында мыйзам долбоорлорун кабыл алууда улуттук иденттүүлүктүн талаптарына туура келген адамдын жеке кызыкчылыгына караганда коомдун кызыкчылыгы жогору экендигин тастыктаган, адептик ченемдерди, каада-салттарды, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, өлкөдө жашаган башка этностордун маданий дөөлөттөрүн жана баалуулуктарын чагылдырган иш тажрыйбаны бекем сактоо.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштама:

— Кыргыз Республикасы толук эгемендикке ээ болушу үчүн саясий-экономикалык өнүгүүгө гана көңүл бурбастан, аймактык бүтүндүккө жана көз карандысыздыкка толук жетишүүсү зарыл. Ал үчүн кошуна өлкөлөр менен талаштуу болгон аймактарды тез аранын ичинде чечип, делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүү;

— мамлекеттүүлүккө кооптуу кырдаалдарды жараткан коргонуу, чек ара, маалыматтык-идеологиялык, экономикалык, энергетикалык, экологиялык, демографиялык, тамак-аш ж. б. коопсуздуктарын алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүү;

— мамлекеттик-коомдук өнүгүүлөрдүн илимий талапка таянып жүргүзүлө турганын эске алып, илим-билим, технология-инновация, санарип тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлоруна артыкчылык берилип, тийиштүү каражаттардын бөлүнүшүнө шарт түзүү зарылчылыгын белгилөө;

— делегаттар сунуштаган республиканын аймагындагы авариялык абалдагы мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды, маданият үйлөрүн капиталдык оңдоолордон өткөрүү үчүн аларды республикалык бюджетке киргизүү жана курулуш иштерин баштоо;

— административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруу, аларда башкаруунун жаңы ыкмаларын киргизүү жана аймактардын комплекстүү өнүгүүсүн кеңейтүү иш-чараларын иштеп чыгуу;

— иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү, мамлекеттик органда документтер менен иштөөнү жөнгө салуучу акттарга мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнү караган тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

— жалпы билим берүүчү мектептер үчүн мектептик билим берүүнү модернизациялоону улантуу, жогорку кесипкөй педагогдорду даярдоо үчүн шарттарды түзүү механизмдерин өркүндөтүү;

— кесиптик стандарт жана улуттук квалификация багытында улуттук квалификациялык системаны эске алуу менен билим берүү программаларын өркүндөтүү боюнча туруктуу иш алып баруу, атайын орто окуу жайларынын жана жогорку окуу жайларынын студенттерин практикалык окутууда жумуш берүүчүлөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүү;

— „Жаштар биздин келчегибиз“ деген сөзгө толук маанисинде жооп катары жаштарды мекенчилдикке, Ата Журтун сүйүүгө, ар намыстуулукка, ыймандуулукка улуттук наркты терең үйрөнүп билүүгө жана аны сактоого тарбиялоо, жол көрсөтүү багытында илимий негиздерге таянып, ар тараптуу иштелип чыккан программаны кабыл алуу;

— калктын табигый кыймылын жана миграцияны эсепке алуунун сапатын жогорулатуу максатында арыз берилген жер боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо практикасын өркүндөтүү зарыл. Улуттук жана жергиликтүү деңгээлде калктын санын жана калктын кыймылынын көрсөткүчтөрүн баалоонун сапатын жогорулатуу үчүн жашаган жери боюнча маалыматтарды берүүнүн тиешелүү механизмдерин түзүү;

— 2040-жылга чейинки демографиялык саясат концепциясын иштеп чыгуу;

— калктын тез өсүшү Бишкек, Ош, Жалал-Абад ири шаарларынын айланасында калктын топтолушунун көбөйүшүнө алып келгендиктен, шаардык жана айылдык инфраструктураны (транспорт, канализация, суу менен камсыздоо, калдыктардын бардык түрлөрүн тазалоо жана кайра иштетүү) өнүктүрүү;

— республикада пенсия курагында калктын санынын прогрессивдүү өсүшү күтүлүүдө, ушуга байланыштуу калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келбөө үчүн пенсия менен камсыз кылуунун учурдагы системасын ресурстук толтуруу проблемаларын чечүү;

— республикада энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу максатында кош бойлуу аялдарды перинаталдык жардам менен толук камтууну камсыз кылуу жана генетикалык патологияларды эрте аныктоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;

— Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар менен ишенимдүү жабдууну жана энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууну камсыз кылуу;

— электр энергиянын ички керектелиши жылдан жылга өсүп жаткандыктан энергия иштеп чыгуучу кубаттуулуктарды куруу;

— жаңы альтернативдик энергия булактарын пайдалануу;

өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалын толук колдонуу менен бара-бара импортточудан экспортоочуга өтүү жана Борбордук Азиядагы маанилүү транспорттук энергетикалык түйүнүнө айлантуу;

— тоо-кен иштерин ачык-айкын жүргүзүүгө өбөлгө түзүү жана өнөр жайга инвестицияларды тартуу;

— мамлекеттин, тоо-кен бизнесинин жана жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарынын балансын сактоого багытталган мамлекеттик жөнгө салуу механизмин ишке ашыруу жана илгерилетүү;

— өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарын узак мөөнөттүү бюджеттик субсидиялоонун механизмдерин киргизүү;

— экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү уюштурууда инженердик инфраструктура менен камсыз кылууга көмөктөшүү;

— өлкөнүн чакан-орто бизнесине жана жеке ишкердигине колдоо көрсөтүүнү жана өнүктүрүүнү күчөтүү;

— тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемине ылайык алардын болушуна, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктары менен калкты камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;

— Кытай Эл Республикасына экспортту өнүктүрүү максатында Кытай тарап менен биргеликте экспортту өнүктүрүү боюнча иш- аракеттер планын иштеп чыгуу;

— Кыргызстан Борбор Азиядагы суу ресурстарын сактаган бирден бир өлкө болгондугун эске алуу менен Кыргызстандагы мөңгүлөрдү коргоо, табигый жаралган нукура турушун сактоо үчүн узак мөөнөттүү экологиялык программаны иштеп чыгуу;

— Кыргыз Республикасында электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;

— айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн арзан жана жеткиликтүү көлөмдөгү финансылык каражаттар менен камсыз кылуу;

— өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын экспорттоого шарт түзүү үчүн жаңы рынокторду ачуу боюнча иш алып баруу;

— мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө сандан сапатка өтүүгө көңүл буруу;

— токтоп турган кайра иштетүүчү ишканаларды жандандыруу жана жаңы ишканаларды ачууну колго алуу;

— айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ата мекендик селекциясын жана үрөнчүлүктү өнүктүрүү;

— күрдүүлүгү төмөн жерлерди өздөштүрүп, айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү;

— айылдарды таза суу менен камсыз кылуу иштерин жана ирригациялык иштерди аягына чыгаруу үчүн бирдиктүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу;

— Кыргыз жарандарын тиешелүү жер участоктору менен камсыз кылуу үчүн атайын комплекстүү иштерди жүргүзүү.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына сунуштама:

— Кыргыз жарандарынын кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу;

— шектүү катары кармалган жарандардын иштерин узакка созбой, кыска мөөнөттө карап чыгуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү.

4. Мамлекеттин бийлик бутактары мындан ары өзгөчө Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөөгө, билим берүү жана маданиятты өнүктүрүүгө, мамлекеттик түзүлүш системасын жакшыртууга, мамлекеттин укуктук негизин күчөтүүгө, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде адам укугуна артыкчылык берүүгө багытталган жоболор бөлүгүн бышыктоого көңүл бурсун.

Учурда Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун, мамлекеттик бийликтин эл менен биргелешкен күч аракети жана коомдогу прогрессивдүү күчтөрдүн активдүү катышуусу менен Кыргызстанды туруктуу өнүгүү жолуна чыгаруу боюнча жетишерлик шарттар даярдалды.

Бул жолдогу негизги багыттар жана өңүттөр Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктурүүнүн Улуттук Программасында аныкталган.

Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн Кыргызстан экономикадагы, экологиядагы, маданий чөйрөдөгү, билим берүүдөгү, саламаттыкты сактоодогу, адам укугун коргоо жаатындагы маанилүү өнүгүү долбоорлорун ишке ашырууга, сот жана укук коргоо системаларындагы реформаларды аягына чыгарууга, мамлекеттик курулуштун бышып жетилген маселелерин чечүүгө тийиш».

Пикир

Оставить комментарий